Кабарлар 6 лет назад

Баткендеги Сох дарыясы көтөрүлүп, жээги бузулуп жатат (СҮРӨТ)

Баткендеги Сох дарыясы көтөрүлүп, жээгин жеп, бузуп жатат. Бул тууралуу, ӨКМнин басма-cөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,2015-жылдын 29-июлунда саат 17:30 чамасында Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, сол жак жээгинен узундугу 70 метр, туурасы 4 метр аралыктагы жээкти суу жеп кеткен. Ал эми жээктеги дамбанын 2 метрдей жери калып, суу алып кетүү коркунучун жаратууда. Жээкти бекемдөө иштерине жеке менчик 1 жүктөгүч, 2 самосвал “КамАЗ” тартылган.

Нету похожих статьей