Кабарлар 6 лет назад

Ошто дыйкандар помидордун баасы төмөндөп чыгымга учурашты (Сүрөтбаян)

Кыргызстан Бажы Союзунун курамына кирсе, бул жылы жашылча жемиштерибизди сыртка экспорттоп жакшы киреше тапсак деген тилегибиз таш каап, чыгымга учурадык. Мындай нааразычылыгын Оштогу Дыйкан-Базарда дүңүнөн соода кылган дыйкандар \"Кабарлар\" МАнын аймактык кабарчысына билдирди. Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө дыйканчылык менен алектенген Эркин Тешебаев бул жылы помидордун баасы дүңүнөн 5 cомго бааланып, өткөн жылга караганда кыйла төмөн сатылып жаткандыгына нааразы. \"Мен жер тилкесин киреге алып иштетем. Жылына 10 миң сом аренда акысына төлөйм. 1 кг селитра 25 сом турат. Жер айдоо акысына гектарына 3 миң сом, малалоо үчүн да 3 миң сом, ал эми бышкан помидорду талаадан Ош шаарына алып келүү үчүн 1 килограммына 2 cом төлөйм. Дыйкан базарда соода кылганым үчүн орундукка төлөө керек. Базарга келгенден кийин таштанды үчүн лаборатория үчүн деп да акы алышат. Мунун баарын эсептегенде биздин маңдай терибиз акталмак турсун, чыгымга учурап жатабыз. Бажы Союзуна кирсек сыртка экспорттойбуз деп бул жылы дыйкандар жылдагыдан көбүрөөк жашылча жемиш өндүргөндүгү үчүн чыгымга учурап жатабыз. Өкмөт дыйкандарга көңүл буруп, колдоо көрсөтсө жакшы болмок\" дейт. Негизинен Оштогу дүңүнөн соода кылынуучу Дыйкан Базарга Араван, Кара Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунан дыйкандар келишет. Алардын баары тең помидордун бул жылкы баасы, өзүнө кеткен чыгымды актабай жаткандыгына нааразы экендиктерин айтышат. \"Өткөн жылы помидорду дүңүнөн 14-15 сомдон өткөрчү элек. Бул жылы 5-7 сомдон аран сатып жатабыз. Анткени помидорду сураган адам жок. Себеби базарда помидор жылдагыга караганда көп чыгып жатат\",-дейт Кара Суунун Мамажан айылынын жашоочусу Максюда Курбанбаева.

Нету похожих статьей