Кабарлар 6 лет назад

Алайда жашыл жайыттар, таштанды тоолорго айланып бара жаткандыгына жергиликтүүлөр нааразы (СҮРӨТ)

Жапжашыл жайыттарыбыз, таштанды тоолорго айланып бара жатат. Мындай нааразычылыгын Алай районундагы Сары Могол айыл өкмөтүнүн жашоочулары \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди. \"Таштандысын төккөн көмүр кени салыкты көмүр кени жайгашкан Сары-Могол айыл өкмөтүнө эмес, коңшулаш Талды-Суу айыл өкмөтүнө төгөт. Жергиликтүү бийлик болсо, көмүр кени Сары Могол айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканы менен документте Талды Суу айыл өкмөтүнө карай тургандыгын айтып, биздин талабыбыздан оңой кутулууда\" дейт айыл тургундары. \"Айылдын жашоо шарты оор. Таза суу жоктугунан улам арыктагы сууну ичкенге мажбурбуз. Сары Могол Тажикстандын карамагынан Кыргызстанга 1996-жылы өткөндүгү менен үлүш жерлерибиз бүгүнкү күнгө чейин бизге тие элек. Жумушсуздук күч. Мындай кыйын кырдаалда аталганкөмүр кенинин салыгы аз да болсо айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүп, эл турмушун ондоого түрктү болмок\" дейт Көчкөнбай Ниязов. Айыл өкмөт башчысы Аттокур Курмушуев билдиргендей, Сары Могол айыл өкмөтүндө 1120 кожолук 6 миңге жакын жаран жашайт.

Нету похожих статьей