Кабарлар 6 лет назад

А.Атамбаевдин колдоосу менен Ош шаарында сегиз балдар аянтчасы ачылды (СҮРӨТ)

Бүгүн, 27-июлда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Ош шаарында сегиз балдар ойноочу аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, балдар ойноочу аянтчанын ачылышынаКРнын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик инспектору Акылбек Орозалиев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты. А. Орозалиев Преизеденттин жаш балдарга кылган камкордугу өлкөнүн келечеги үчүн салымы чоң экендигин билдирип, балдар аянтчасынын сертификатын тапшырды.

Нету похожих статьей