Кабарлар 6 лет назад

Лейлекте эки тараптуу атышуудан улам токтотулган \"Максат-Кулунду\" көпүрөсү курулуп бүттү, жакында пайдаланууга берилет (СҮРӨТ)

Баткен облусундагы Лейлек районунда эки тараптуу атышуудан улам токтотулган \"Максат - Кулунду\" көпүрөсүнүн курулуш иштери аяктады. Эске сала кетсек, аталган көпүрөнүн курулуш иши башталган мезгилде өткөн жылдын 25-август күнү тажик тарап тоскоолдук көрсөтүп, натыйжада тараптардын атышуусуна алып келген жана курулуш иши токтотулган. Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов \"Kabarlar.kg\" маалымат агенттигине билдиргендей, учурда аталган көпүрөнүн курулуш иштери толугу менен аяктап, ага баруучу жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат. \"31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылыш аземин өткөрүүнү максат кылып жатабыз. Көпүрө пайдаланууга берилсе, Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жашоочулары Бешкент, Маргун жана Кулунду айыл өкмөттөрүнө эгемен жол аркылуу өтүп, район борборуна Тажикстанды аралабай эгемен жол аркылуу баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. \"Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, чек арачылардын 3 жыл бою Тажикстан тарап менен тынымсыз жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы өз натыйжасын берип, эгемен жолго ээ болуу алдында турабыз\" дейт район жетекчиси. Аталган көпүрөнүн курулуш иштеринин 50 пайызын Кыргызстан, ал эми 50 пайызын Тажикстан тарап бүткөрүү милдетин алышкан. Көпүрөнүн курулуш иштерине өкмөттүн эсебинен 35 млн сом бөлүнгөн. Ал белгилегендей, көпүрө пайдаланууга берилсе, мындан ары Тажикстан тарап менен ар кандай пикир келишпестиктер, чек ара чыр чатактары катталбай, тынч жашоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Маалыматка ылайык, өткөн жылы 26-августта борбор калаада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы Максат - Кулунду көпүрөсүн куруу ишин улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Нету похожих статьей