Кабарлар 6 лет назад

Алайдагы аскер базасы учурда кароосуз калып, мал короого айланган (сүрөт)

Ош облусунун Алай районунда союз мезгилинде уюштурулган аскер базасы учурда кароосуз калып, мал короого айланган. Аталган аскер базасы Алай районунан Тажикстандын Мургаб районуна кеткен жолдун боюнда жайгашкан. Кыргызстан аркылуу Тажикстанды көздөй бет алган туристтер бул аскер базасынын имаратына кирип сүрөткө түшүүнү адатка айландырышкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул базанын аймагы 4 гектарды түзөт жана база иштеп турган кезинде \"Аскер байланыш локаторы» деп аталып келген.Учурда база иштебей калгандыгына байланыштуу бул аймакта жергиликтүүлөр мал жандыктарын жайып, мал короого айландырып алышкан.

Нету похожих статьей