Кабарлар 6 лет назад

Нарында жарылбай калган замбиректин огу табылды

Ак-Талаа районунда 2 20-июль күнү Жээнтай участогунда мал кайтарып жүргөн Бекбоосун аттуу жаран тарабынан Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 80-чакырымында Кара-Гөө ашуусунда жарылбай калган замбиректин огу табылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Анын эртеси күнү КР Коргоо министрлигинин Чүй облусунун Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн 4-инженердик-сапердук кызматынын адистери жана ӨКМнин кызматкерлери тарабынан замбиректин огу зыянсыздандырылды.Зыянсыздандыруу убагында Кара-Гоо ашуусундагы малчыларга жана алардын мал-жандыктарына зыян болгон жок.

Нету похожих статьей