Кабарлар 6 лет назад

Нарындагы Байболот коктусун алтын кенин чалгындоого алган ишкананын иши токтотулду

Кечээ, 2015-жылдын 23-июль күнү, Нарын районуна караштуу Кара-Үңкүр айылынын жанындагы Байболот коктусун алтын кенин чалгындоо үчүн алган ЖЧК «Сөйкө» ишканасынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МАӨкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди. Анын айтымына караганда, бул чечим КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан жергиликтүү тургундардын жана «Сөйкө» ЖЧКсынын кызматкерлери менен болгон жолугууда кабыл алынды. Айыл тургундарынын айтымында, коктуда чалгындоо иштери эмес, алтын кенин казып алуу иштери жүрүп жатат. Анын натыйжасында жаратылышка зыяны тийип, андан сырткары, айыл тургандары иччү суу булганып, ошондой эле ишкана территорясын жаап салганына байланыштуу малдарын коктудан айдап өтүүгө мүмүкүн болбой калган. Ишкана жетекчиси Ишен Айтмамбетов Байболот коктусунда 1941-1947-жылдарга чейин алтын иштетүүчү фабрика иштеп келгенин айтып, азыркы учурда анын ишканасы алтындын запасын чалгындоо иштерин гана жүргүзүп жатканын маалымдады. А.Кайыпов: «Жерди казып иштээрден мурун жергиликтүү эл менен жолугуп, түшүндүрүп койсоңор мынчалык көйгөй жаралбайт эле»,-деди өз сөзүндө. Жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын угуп, калыс чечимге келүү үчүн жолугушуунун аягында дубан башчысы тарабынан ЖЧК «Сөйкө» ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун аныктоо үчүн тийиштүү кызматтардан турган комиссиялык топ түзүп, иликтөө чечими кабыл алынды.

Нету похожих статьей