Кабарлар 6 лет назад

Баткенде жер жарылып, дарыяны бөгөп калуу коркунучун пайда кылууда (СҮРӨТ)

Баткенде жер жарылып, дарыяны бөгөп калуу коркунучун пайда кылууда. Бул тууралуу, ӨКМнин басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ,23-июлдаДара айыл аймагындагы Жанырык айылында КРнын Транспорт жана коммуникация министрилигин (ЖЭМ-2) балансындагы Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 32-33-чакырымында жолдун үстүнкү тарабында жайгашкан жолдон бийиктиги 100 метр, туурасы 300-400 метр, узундугу 500-600 метр болгон түздүктөн 9-10 жеринен жер жарылган, жарылган жарыктын ортосундагы кээ бир жерлер 40-50см чөккөн, көлөмү болжол менен 2 млн. кубду түзөт. Ошондой эле унаажолдун жарымынан узундугу 20 метр болгон жарака (трещена) пайда болгон. 2015-жылдын 23-июлу күнү Баткен райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жайында көрүп келишкен. Бүгүнкү күндө унаалар өтө кыйынчылык менен өтүүдө.

Нету похожих статьей