Кабарлар 6 лет назад

Ошто аялдамадан башка жол четине токтогон маршруттук каттамдар жумушунан убактылуу четтетилди

Ошто аялдамадан башка жол четине токтогон 20 маршруттук каттам жумушунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда маалым болду. Калаа башчысынын тапшырмасы менен аялдамадан сырткаркы жерге токтогон коомдук каттамдарды жөнгө салуу боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эреже бузгандарын убактылуу эл ташуудан четтетти. Аялдама жок жерде токтогон коомдук унааларды жөнгө салуу мурункудан бир топ азайганы менен толугу менен жоюла элек. Рейд учурунда \"Ар кайсы жерге токтоого элдер өздөрү мажбур кылат\" деп, айдоочулар да күнөөнү жүргүнчүлөргө коюп жатышты. Ал эми жүргүнчүлөрдүн шылтоосу болсо, аялдамалардын узактыгы. Анан дагы көпчүлүгүн айдоочулар турган жеринен салып кетип, кондуруп коюшкан. Аталган агенттиктин жетекчиси Нурлан Курманбаев билдиргендей, жүргүнчүлөр да, айдоочулар да атайын белгиленген жерге токтобогон үчүн көпчүлүк учурда тыгындарды, кээде кырсыктарды да пайда кылып жатышат. Бул боюнча агенттик жөө жүргүнчүлөргө эч кандай чара көрө албайт. Ал эми эреже тартипке баш ийбеген айдоочулар убактылуу эл ташуу кызматынан бошотулат. Чар-жайыт жерге токтогон 700 дон ашык коомдук каттамдарды жөнгө салуу, тартипке чакыруу үчүн агенттиктин алты кызматкери күн сайын көзөмөлдөшөт

Нету похожих статьей