Кабарлар 6 лет назад

Ош-Тазалык ишканасынын 6 кызматкери таштанды үчүн чогулган акчаларды өз пайдасына иштетип жүргөн - ишкана жетекчиси

Ош-Тазалык атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын 6 кызматкери жарандардан чогулган акчаларды өз пайдасына иштетип жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Талант Капаров \"Кабарлар\" МАнын аймактык кабарчысына билдирди. Маалыматка ылайык, Капаров ишкана кызматкерлеринин кыңыр иштерин байкап калып, аудиторлорго текшерүү жүргүздүргөн. «Эки ай мурун жеке аудиторлорду жалдап, ишканага текшерүү жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында 6 контролер чындап эле элден таштанды үчүн топтолгон каражатты кассага токпой, жеке кызыкчылыгына пайдалангандыгы белгилүү болду. Аларга катуу эскертүү берип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнө маалымдагам. Бул \"Ош Тазалык\" ишкансындагы паракорчулукту токтотуу жана ишкананын бюджетин көбөйтүү максатында көрүлүп жаткан чаралар» - дейт ал. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгында шектүү кызматкерлердин үстүнөн териштирүү иштери жүрүүдө.

Нету похожих статьей