Кабарлар 6 лет назад

Ошто катуу жааган жамгырдан электр жарыгы өчүп, жолдор бузулду

Ош облусунда катуу жааган жамгырдан электр энергиясы өчүп, жолдор бузулду. Бул тууралуу, ӨКМнин басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,2015-жылдын 20-июлунда саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Гур сел өткөрүүчү сайынан сел жүрүп, 7 турак үйдүн там аркаларын каптап, 5 турак үйдүн ичине сел суулары кирген. Андан сырткары,Кара-Гур орто мектебинин 6 канаасына сел суулары кирген, айылдык мечиттин жана ФАПтын пайдубалдарына 1,5 метр бийиктикте сел калдыктары топтолуп калган. Жалпы сел калдыктардын көлөмү 4500м3 (узуну 300метр, бийиктиги 1,5метр, туурасы 10метр). Ош-Папан-Кожо-Келең автоунаасынын 62-чакырымда 200 метр жери ылайка шагылга толуп, жол каттамы убактылуу жабылып калган. Жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын болжол менен 300 метр чубалгысы үзүлүп, 1 даана столба сынып кеткен, убактылуу электр жарыгы өчүрүлгөн.

Нету похожих статьей