Кабарлар 6 лет назад

Алайда турак жайдын ичинен суу чыгып, жер көчкү коркунучу пайда болду (СҮРӨТ)

Алайда турак жайдын ичинен суу чыгып кетти. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, күнү саат 13:15де берген маалыматы боюнча Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылынын Кызыл-Булак участкасынын жашоочусу Талас Токтобаевдин турак жайынын ичинен жана айланасынан суу чыгып кеткендиги жана анын кесепетинен жер көчкү коркунучу пайда болуусу мүмкүн экендигин билдирген.Учурда Талас Токтобаевди турак жайынан убактылуу көчүп чыгуу тууралуу Ленин айыл аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси тарабынан ооз эки эскертүү берилди. Жеринде көрүп, чечим кабыл алуу үчүн КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментине райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын каты жөнөтүлдү. Кошумча маалымат берилет.

Нету похожих статьей