Кабарлар 6 лет назад

Кара-Сууда күйүүчү майлардын баасы кымбаттады

Ош облусунун Кара-Суу шаарында июль айынан баштап А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын жана дизель отунунун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери билдирди. Маалыматка ылайык, 17-июлда А-92 үлгүсүндөгү 1 литр күйүүчү май Кара-Суу шаарында 42 сомдон бааланып, бир жума мурунку баасынан 1 сомго кымбаттаган.1 литр А-92 үлгүсүндөгү бензин июль айынын башында аталган шаарда 37 сомдон сатылып жаткан.Кара-Суу шаарында 17-июлда 1 литр дизель отуну 41 сомду түзсө, 1 жума мурунку баасы 38 сом болгон.Жалпы түштүк аймагы боюнча 1 литр А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын бир жума мурунку баасы 40 сом болсо, 17-июлдагы баасы 41 сомду түздү.

Нету похожих статьей