Кабарлар 6 лет назад

Ош: \"Ооган кыштактан\" сүрөтбаян

Бул аймак Кыргызстандагы \"Ооган кыштак\" деп аталат. Ал Ош облусунун Алай районунда Сары-Могол айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Учурда \"Ооган кыштакта\" 50дөн ашуун үй-бүлө күн кечирүүдө. Айрымдары жаз, жай мезгилинде гана бул жерди байырласа, ал эми айрымдары жыл бою ушул аймакта жашашат. Бул жерге көчүп келгендер Кара Суу, Алай, Чоң Алай, Өзгөн районунун тургундары. Баары тең жумушсуздуктун айынан келгендигин айтышат. Арасында июнь окуясы учурунда үй жайынан айрылып, баш калкалаар жер издеп келип, кайра кете албай жүргөндүгүн билдиришти. Ооган кыштактын жашоочулары көмүр кенинин калдыктарынын арасынан көмүр терип жан сакташат. Терген көмүрлөрүн каптарга салышып, бир кабын кардарларга 80 сомдон 150 сомго чейин сатышат.

Нету похожих статьей