Кабарлар 6 лет назад

Ошто аба ырайынын кескин жогорулашына байланыштуу Кызыл-Арт дарыясындагы сууну деңгээли көтөрүлүүдө

Оштоаба ырайынын кескин жогорулашына байланыштуу Кызыл-Арт дарыясындагы сууну деңгээли көтөрүлүүдө. Бул тууралуу, ӨКМнин басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн,16-июлдаболжол менен саат 08:55 чамасында Ош-Сары-Таш-Кызыл-Арт унаа жолунун 214-чакырымында Бор-Дөбө участкасында ченемден тышкары ысык аба ырайынын кесепетинен, Кызыл-Арт дарыясынын суусунун денгээли көтөрүлүп, унаалар өтүүчү көпүрөнүн үстүндөгү төгүлгөн шагылды алып кеткен. Бул көпүрө Транспорт жана коммуникация министрилигин карамагында, учурда унаалар көпүрөдөн сууну кечип өтүшүүдө. Азыркы учурда ЖЭМ №960 тарабынан 1 жүктөгүч, 1 автосамосвал тартылып көпүрөнүн үстүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзүлүдө.

Нету похожих статьей