Кабарлар 6 лет назад

А.Кадырбаев: Балдар бакчасын бизнеске айландырып алгандар жазасын алышы керек

Ош шаарынынсоциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын I жарым жылдагы жыйынтыктары боюнча коллегиялык жыйын болду. Анда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү каралып, балдар бакчаларындагы көп жылдан бери жоюлбай келген коррупциялык элементтер сынга алынды. Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, вице-мэрлер, муниципиалдык жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар тургундары катышты. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн маалым болгондой шаардын ичиндеги 7 бала бакчада 7,5 млн сомго жакын акча каражаты мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган. Ага байланыштуу№60 балдар бакчасынын жетекчиси Д.Шарапова, №62- балдар бакчасынын жетекчиси Б.Къбънова, Ош шаардык билим бер\\\\ башкармалыгынын эсепчиси Э.Гафуровалар ээлеген кызматтарынан четтетилген. Ал эми финансалык мыйзам бузуу фактылары катталган №55-, 60-, 62-, 40- балдар бакчасынын иштери шаардык соттун кароосунда, №22-, 35-, 29- балдар бакчаларынын иштери Ош шаардык прокуратурасында иликтенип жаткандыгы айтылды. Ал эми калаа башчысы А. Кадырбаев, балдар бакчасын үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алгандар да жок эмес экендигин белгилеп, бул көрүнүш балдардын келечегине кайдыгер мамиле жасоо экендигин билдирди. -“Баланын ырыскысына кол салган бул келечектин душманы, шаардын душманы десек болот. Балдар бакчасын “Бул менин үйүм, менин жеке менчигим”, -деп мамлекеттик кызматын унутуп, үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алгандар бар экен. Мунун баардыгы Ош шаардык билим берүү башкармалынын убагында көзөмөлгө албагандыгынан улам болууда. Ошондуктан тез аранын ичинде шаардык прокуратура, милициянын 5-бөлүмү, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мындай көрүнүштөргө бөгөт коюулушу керек”, - деди А. Кадырбаев. Жыйынтыгында, мектепке чейинки окуу жайларда, билим берүү мекемелеринде коррупция, паракордук, финансылык тартип бузууларга жол бергендиги үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсановко эскертүү берүүнү КРнын билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо жагы каралып, бирок жогоруда аталаган мыйзамсыз көрүнүштөр укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотуп туруу боюнча токтом кабыл алынды.

Нету похожих статьей