Кабарлар 6 лет назад

Ошто Айт күнү \"Акысыз такси\" жарандарды эртеден кечке акысыз жеткирет (сүрөт)

Ош шаарында эртең, 17-июль Айт күнү \"Акысыз такси\" акциясы уюштурулуп, жарандарды акысыз жеткирет. Бул тууралуу уюштуруучулар \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди. \"Калаа тургундарын Орозо Айт майрамы менен куттуктап, бул күнү Ош шаарында акысыз жеткиребиз. Акцияга катышууну каалаган ыктыярчылар өзүнүн машинасына күйүүчү майды өз эсебинен куят\" дейт уюштуруучулар. Алардын айтымында, акцияны уюштуруунун максаты -жарандарды кайрымдуулукка чакыруу, балдарга майрамдык маанай тартуулоо. Акысыз такси Айт күнү эртен мененки намаздан баштап кечке чейин кызмат кылат.

Нету похожих статьей