Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Таалайбек Туйбаев шайланды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Таалайбек Туйбаев шайланды. Бул тууралуу Отуз Адыр айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Таалайбек Аликулов \"Кабарлар\" МАнын аймактык кабарчысына билдирди.Буга чейин маалым болгондой, аталган айыл өкмөт башчысын шайлоо 12-июнда өткөрүлүп, кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калган. Экинчи ирет өткөрүлгөн шайлоодо Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер катары Таалайбек Туйбаев жана Жолдош Мусулманкуловдор ат салышкан. Айылдык кеңештин 21 депутатынын 15и Таалайбек Туйбаевге добуш беришти.

Нету похожих статьей