Кабарлар 6 лет назад

Ноокатта Кадыр түнү белгисиз адамдар 8 үйдүн эшигинин алдына 5000 сомдон таштап кетишти

Ноокатта Кадыр түнү белгисиз бирөөлөр 8 үйдүн эшигинин алдына 5000 сомдон таштап кетишти. Бул тууралуу, \"turmush\" басылмасы жазып чыкты. Алардын берген маалыматына таянсак,кечээ, 14-июлда, Кадыр түнү белгисиз бирөөлөр Ноокат районунун Беш-Буркан айылындагы социалдык жактан аз камсыз болгон 8 үй-бүлөнүн эшиктеринин алдына ичине азык-түлүк толтурулган жана ар бирине 5000(беш миң) сомдон салынган баштыкчаларды таштап кетишкен. Жергиликтүү тургундарынын бирининин айтымында, баштыкчанын ичинде алардан сырткары «Аллах сиздерден махабатын аябасын, Кадыр түнүңүз маарек болсун!» деген кат дагы чыккан. - Алгач биз баштыкчаны ачуудан чоочуладык. Качан гана аны ачканыбызда ичинен макарон, май, таттуулар баш болгон азык-түлүктөр жана 5000 сом бар экенин көрдүк. Катты окуган соң түшүнүп, абдан кубандык! -дейт ал, аталган маалымат кызматынын кабарчысына.

Нету похожих статьей