Кабарлар 6 лет назад

Өлкө ичинде 193 миң жаран эки жолудан биометриаалык маалымат тапшырышкан

Бүгүн, Ош шаарында КРнын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда жалпы жыйын болду. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, шаардагы мамлекеттик-муниципиалдык мекемелеринин жетекчилери жанашаар тургундары катышты. Жыйында штабдын жетекчиси, биринчи вице—премьер министр республикада Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. \'\'Учурда өлкө ичинде 2 млн 470 миң жарандын маалыматы толугу менен чогултулуп, бирдиктүү серверге киргизилди. Эми эске ала турган нерсе биометрикалык маалыматты тапшырууда 193 миң жаран эки же андан көп жолудан өздүгү боюнча маалымат тапшырышкан. Алардын бирден гана маалыматы калтырылып, калганы жокко чыгарылды. Таза бийлик - таза шайлоо өткөрүү максатында жарандардын бирдиктүү маалыматын камсыздап, Шайлоо Кодексинин талаптарын бузбоо аракетин көрүп жатат.Тилекке каршы айрым бир саясий кызыкчылыктарды көздөгөндөр бул өңүттө шайлоо өткөрүүгө каршы пикирлерин билдирип жатышат. Монголиянын үлгүсүндө шайлоо өткөрүүнүн артыкчылыгы буга чейин болуп келген эки тобокелчиликтин жолун бууду. Демек, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу бир гана тобокелчилик калды. Ал да болсо шайлоочулардын добушун сатып алуу. Добушуңуздарды сатууга жол бербеңиздер. Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана бюллетень алып, добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочуга бир эле жолу шайлоодон өтүү үчүн, бир эле жолу квитанция алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Акча менен баарын сатып алгысы келгендер, акча үчүн баарын сатып кеткенге даяр. Андыктан, таза шайлоо өткөрүү сиздердин колуңуздарда“, - деди Т.Сарпашев. Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, биометрикалык маалыматтарды чогултууга жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу аймактык кеңештердин, кварталдык комитеттердин төрагалары, бекитилген кураторлор тыкыр, уюшкандыкта иш алып баруу керектигин эскертти. Биринчи вице-премьер-министрдин катышуусундагы жыйын биометрикалык каттоодон өтүүгө жана шайлоого байланыштуу суроо-жооптор менен коштолду.

Нету похожих статьей