Кабарлар 6 лет назад

Ошто Сары-Колот айыл өкмөтүндө шайлоо экинчи ирет үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 14-июнь күнү Ош облусунун Кара-Cуу районундагы Сары-Колот айыл өкмөтүндө шайлоо экинчи ирет үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу, “Кабарлар” МАнын аймактык кабарчысына Сары-Колот айылынын жашоочусу Акбар Исаев билдирди. Маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчысын шайлоого айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү келбей коюшкан. Натыйжада кворумдун жоктугунан улам шайлоо болбой калган. Буга чейин маалым болгондой, ушул жылдын 25-июнунда Сары-Колот айыл өкмөт башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан болбой калган.Адистер белгилегендей, айыл өкмөт башчысын шайлоо экинчи ирет да өткөрүлбөй калгандыгынан улам айылдык кеңеш таркатылат.

Нету похожих статьей