Кабарлар 6 лет назад

Ош: Каралбай унутта калган айланма жол (сүрөт)

Ош шаарына Бишкек жана Алай тараптан келгенде калаанын кире беришиндеги айланма жол көп жылдан бери кароосуз калгандыгына жергиликтүү жашоочулар нааразы. Бул тууралуу алар \"Кабарлар\" МАнын аймактык кабарчысына билдирди. Фуркат айылынын жашоочусу Турар Эгембердиев \"Бул айланма жол Ош шаарынын күзгүсү десек болот. Анткени шаарга келген ар бир конок ушул айланма жол аркылуу өтөт\" дейт. Ал белгилегендей, айланма жолдун абалы ээсиз калган үйдүн короосундай чөп басып, таштандыга толуп калды. Ал эми \"Ош\" деген жазуунун өңү өчүп, канча жылдардан бери сырдалбай турат. \"Тиешелүү кызматтар тосмосу сынып, жараксыз абалга келген бул аймакка көңүл буруп айлана четин тазалап, гүл отургузуп айланма жолду көркүнө чыгарса шаардыктар үчүн да шаардын коноктору үчүн да жакшы болмок\" дейт калаа жашоочулары.

Нету похожих статьей