Кабарлар 6 лет назад

Баткенде жарандыгы жок жарандар паспорт алышты

Кыргызстандын 45 жараны паспорт алды. Бул тууралуу Баткен райондук паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Болотбек Калыков билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты жана мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жараны деп табылган адамдарга паспорт тапшыруу иштерин улантууда. «Кыргызстанда төрөлгөндөн бери жашап келгендер жана ошондой эле башка жактан келген качкын адамдар буга чейин эч кандай жарандык укуктарга ээ болбой келишкен адамдар болушат. Бүгүнкү күнгө карата жарандыкты тактоо иштери Баткен шаарында аяктап, ал эми областтын башка аймактарында төрт айга чейинки аралыкта улантылмакчы. Эми жаңы жарандар башка жарандар сыяктуу эле билим алуу, саламаттык сактоо, добуш берүү жана башка укутарга ээ болушту»- дейт Болотбек Калыков.

Нету похожих статьей