Кабарлар 6 лет назад

Ошто борбордук көчөдө арык боюна чогулган таштанды жагымсыз жыттанып ыңгайсыздык жаратууда (СҮРӨТ)

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири Ленин жана Рыспай Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилинде жол боюндагы арыкта чогулган таштандылар, бөтөлкөлөр күн жылыгандан бери жагымсыз жыттанып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда. Буга жергиликтүү жашоочулар тиешелүү кызматтардын арыктагы чогулган таштандыларды өз убагында тазалабай жаткандыгына нааразычылык билдирүүдө. Анткени таштанды чогулган аймакка жакын жерде медициналык мекеме, коомдук тамактануучу жай жайгашкан.

Нету похожих статьей