Кабарлар 6 лет назад

Ошто лөлү тектүү жарандарга БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү паспорт тапшырды (сүрөт)

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарандыгы жок лөлү тектүү жашоочуларга паспорт тапшырды. Жалпы 45 тургунга жарандык паспортторду уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү Маки Шинохара өзү тапшырды. Шинохаранын айтымында, Кыргызстанда 12 миң адамдын паспорту жок болгон.Учурда Кыргызстанда жарандардын ким экенин тастыктаган документи жок 7 миң киши аныкталган. Алардын жарымына паспорттор берилген.\"Ушул долбоордун алкагында Бишкек шаарында жаңы конуштарда атайын мобилдик топтор паспорт алуу үчүн керектүү документтерди топтоп, тиешелүү мекемеге кайрылууга жардам берип жатышат\" дейт Маки Шинохара.

Нету похожих статьей