Кабарлар 6 лет назад

Ошто Нурсултан Назарбаевдин мектебинин имараты курула баштады (сүрөт)

Ош шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мектебин мурунку белгиленген жерден башка аймакка куруу иштери башталды. Бул тууралуу “Кабарлар” МАнын аймактык кабарчысына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкташтырылып курулат. Ал үчүн Манас-Ата кичирайонунан 2,5 гектар жер бөлүнүп берилген.Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин мектеби калаанын Черемушка кичи районунан жер бөлүнүп берилген. 2013-жылы мектептин курулуш иштери башталып, бирок кандайдыр бир себептер менен бөлүнгөн жер мектептин имаратына \"ылайыксыз\" делинип, курулуш иштери токтотулган.

Нету похожих статьей