Кабарлар 6 лет назад

Сулайман тоо мечитинде кадыр түнгө байланыштуу иш-чара өтөт

Сулайман тоо мечитинде кадыр түнгө байланыштуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА Ош шаардык мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан маалымдашты. Алдын ала маалыматка ылайык, учурда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу бардык мечиттерде ыйык Куранды хатм кылуу толугу менен бүттү. Бүгүн Кадыр түн кечесинин урматына борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде жалпы шаардыктардын катышуусунда дуба кылуу иш чарасы болмокчу. Иш чарага 15 000 жакын адам катышаары күтүлүүдө.

Нету похожих статьей