Кабарлар 6 лет назад

Жергиликтүү эл арасында “Сибир жарасы” боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Жергиликтүү эл арасында “Сибир жарасы” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Эскертекетсек, Аксы районундагы Ак-Суу айыл аймагында 2015-жылдын 8-июлунда райондук оорууканага 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) “Сибир жарасы” ооруусуна күмөдөлүп жаткырылган. Оруулу адамдардын абалдары жакшы, дары-дармектер менен толук камсыз болгон, дарыгерлердин көзөмөлүндө. 2015-жылдын 10-июлунда бейтаптардан “Сибир жарасы” оорусуна анализ, жылкынын жана малдын этинен үлгүлөр алынып, Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаардык Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлдү.

Нету похожих статьей