Кабарлар 6 лет назад

Баткенде Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 100га күрүчтү жараксыз абалга алып келди (СҮРӨТ)

Баткенде Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 100га күрүчтү жараксыз кылды. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,2015-жылдын 9-июнунда саат 14:00 чамасында аба ырайынын кескин жогорулагандыгына байланыштуу “Сох” дарыясындагы суусун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын нугу бурулуп, болжол менен 100га шалы эгин талаасын (күрүч) суу жууп, жараксыз кылган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 200-201-чакырымындагы көпүрөгө кооптуу абал жаралган. Көпүрөө КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагында.

Нету похожих статьей