Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда \"кымыз\" майрамы өткөрүлдү (Сүрөт)

Жалал-Абад “Кымыз” майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу, шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда өткөн“Бизнес форум 2015” иш-чарасынын алкагында кечкисин кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды даңктоо жана бул суусундуктун элдин саламаттыгына болгон пайдасын жайылтуу максатты көздөгөн иш-чарага алыскы аймактардан, жайлоолордон алынып келинген кымыз суусундугу жана нукура кыргыз тамак-азыктары майрамга келгендерге сунушталды. Кымыздардын сапатына, даамына сынак жарыяланып, атайын комиссиянын курамы түзүлдү. Жыйынтыгында,баш байге алган Тогуз-Торо району 10 миң сом, биринчи орунду алган Аксы районуна -8 миң сом, экинчиорун Сузак районуна 6 миң сом, үчүнчү орунга ээ болгон Токтогул районуна 5 миң сом, атайын түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен тапшырылды.

Нету похожих статьей