Кабарлар 6 лет назад

Ошто үй-бүлө зомбулугуна күч кызматкерлеринин аялдары көп кабылып жатат - \"Ак жүрөк\" борбору

Ошто үй-бүлө зомбулугуна күч кызматкерлеринин аялдары көп кабылып жатат. Анткени күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, жардам сурап бизге кайрылган аялдардын 90%ынын күйөөсү юридикалык билими бар жана күч органдарында иштегендер. Мындай пикирин “Кабарлар” МАнын кабарчысына Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова билдирди. Асылбекованын айтымында, \"Ак жүрөк\" кризистик борборуна жыл башынан бери 380 аял үй-бүлө зомбулугуна кабылып жардам сурап кайрылышкан. \"Укуктук билими бар айрым күйөөлөр аялдарынын алсыздыгынан пайдаланып, ар кандай зомбулук көрсөтүп жатышат. Жөнөкөй билими жок күйөөсү менен аялы араздашса анда аларга кенеш берип экөөн кайрадан кол кармаштырып коебуз. Ал эми юридикалык билими бар күйөөлөр билимин пайдаланып, ар кандай жолдор менен өздөрүн коргоп, жада калса бизге \"колуңардан эмне келет билгенинерди кылгыла\" деп кекетишет\" дейт борбор жетекчиси.Асылбекова кошумчалагандай, натыйжада көпчүлүк энелер алиментсиз же үй жайдан жок талаада калып жатышат.

Нету похожих статьей