Кабарлар 6 лет назад

Баткенде күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө болду

Баткеноблусундакүчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу, ӨКМ кызматы билдирет. КР УИА сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүүэрте мененки саат 09:10 чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Кан айылынын түштүк-чыгышында тереңдиги 13 чакырым, ал эми Баткен шаарынан 50 чакырым аралыкта байкалган. Алдын ала маалыматтар боюнча курмандыктар жана кыйроолор жок.

Нету похожих статьей