Кабарлар 6 лет назад

Ошто диний сабаттуулукка басым жасаган китепкана ачылды

Ош шаарында диний сабаттуулукка басым жасаган китепкана ачылды. Бул тууралуу Шейх Мухаммад Садык китепканасынын негиздөөчүсү Азамат Насиров \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди. Маалыматка ылайык, китепкана диний адабияттарга басым жасаган Оштогу эң алгачкы мекемелерден болуп саналат. Насировдун айтымында, китепкана илимге негизделген диний адабияттар аркылуу жаштардын диний сабаттуулугун көтөрүү максатында ачылган. Учурда китепканада миңден ашык адабияттар бар. Китептердин 30%ы диний түзсө, калган 70% заманбап адабияттар башкача айтканда, Гарри Поттер сыяктуу дүйнөлүк жаңы көркөм чыгармалардан турат. Китепкана китеп сатып алууга, китепти ижарага берүүгө жана отуруп окууга ыңгайлашкан.

Нету похожих статьей