Кабарлар 6 лет назад

Президент А.Атамбаевдин демилгеси менен Баткенде ифтар өткөрүлдү (СҮРӨТ)

Баткенде Президент Алмазбек Атамбаевдин Ооз ачыруу саамалыгы болуп өттү. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МАБаткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,ифтардык иш чара кечээ,7-июлдаКадамжай районундагы кафелердин биринде болду. Маалыматка ылайык,саамалыкка Жогорку Кеңештин депутаты Мадеминов Мурадыл Ганиевич, К.Р Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акими, Кадамжай шаарынын мэри, Кызыл-Кыя шаарынын вице мэри. Кадамжай районунун баш имам хатиби, Кадамжай шаарынын баш имам хатиби катышты. Ифтардык иш чарасына Кадамжай районунун бардык аймактарынан коноктор чакырылган.Келген конокторду Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Ганиевич.Президенттин атынан Рамазан айы менен куттуктап жалпы конокторго президенттин саламын жеткирди. Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укукту өкүлү Жеңиш Разаков жеке өзүнүн жана жалпы эмкек жамаатынын атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Иш чарага келген коноктор саамалыкты уюштурган өлкө башчысына ыраазычылыктарын билдиришти. Соңунда Куран окулуп бата кылынды.

Нету похожих статьей