Кабарлар 6 лет назад

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы таштандыдан тазалана баштады

“Таза короо” долбоорунун алкагында, Ош шаарындагы 248 көп кабаттуу үйдүн короосу тазаланды. Борбордук эле эмес, ички көчөлөр, көп кабаттуу үйлөрдүн алды дагы тазалана баштады. Бул туурасында “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.“Ар жума сайын айрым көп кабаттуу үйдүн жашоочулары өздөрү чыгып, ишембилик кылышчу. Азыр биздин кызматкерлер күнүгө, акысыз шыпырып, короо-жайды ирээтке келтирип жатышат. Болгону шаар тургундары таштандыны чар-жайыт таштабай, тазалыкты сактаса, бизге ошол чоң жардам болмок»,-дейт Капаров. Ал кошумчалагандай, калаадагы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун мындан ары да тазалап туруу боюнча пландар бар. “Таза короо” долбоору үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап иштей баштаган.

Нету похожих статьей