Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абаддын аймагында диний кастыкты козуткандарга бөгөт коюлду (СҮРӨТ)

Жалал-Абадда диний кастыкты козуткандарга бөгөт коюлду.Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда,2015-жылдын 4-июлунда, Жалал-Абад областынын аймагында диний кастыкты козутуп, эл арасында туура эмес үгүт иштерин жүргүзүп жаткан атуулдардын (экстремистердин) мыйзамсыз аракеттеринин алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында, КРнын ИИМнин 10-Башкы Башкармалыгынын жана Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, областын аймагы боюнча Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарлары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондору боюнча - 21 топ түзүлүп, \"Хизб ут-Тахрир\"диний экстремистик уюмунда мүчө болуп каттоодо турган жана башка кылмыштарга шектелген атуулдардын турак-жайларын тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды: Жалпысынан 595 даана далил буюмдар алынган, атап айтсак : Диний кастыкты козутууга багытталган китептер- 151 даана; Диний маанидеги жазуулары бар эсеп дептерлер - 30 даана; Диний чакыруу жазуулары бар баракчалар- 227 даана; ДВД дисктер- 131 даана; Аудиокассета 27 даана; Флешка- 4 даана; Ноутбук жана компьютер -4 даана; Журнал- 5 даана; Брошюра- 10 даана; Блокнот- 2 даана; Фотоаппарат- 1 даана; Планшет- 1 даана; Жасалма (метрка) туулгандыгы тууралуу күбөлүк 2 даана. Учурда аталган фактылар боюнча тергөө тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Нету похожих статьей