Кабарлар 6 лет назад

Ошто эки же андан көп аял алгандарга карата беш кылмыш иши козголду

Кыргызстанда эки жана андан көп аял алуу фактысы боюнча 2010-жылдан бери беш кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу \"Жалпы кызыкчылыктарды издөө\" уюму тарабынан уюштурулган жыйын учурунда маалым болду. Маалыматка ылайык, козголгон 5 кылмыш ишинин ичинен төртөө сотко жиберилген. Адвокат Медет Казыбаевдин пикиринде, эркектердин көп аял алгандыгын сотто далилдөө өтө кыйын.\"Мындай көрүнүштөргө көп эле күбө болуп жүрөбүз. Ушул күнгө чейин эркек эки аял алганы үчүн соттолгонун уга элекмин. Себеби эки аялдуулукту жазалоо үчүн ошол аялдарынын бири жабырлануучу катары арыз жазышы керек. Эркектин эки аял алганы эч кайсыл документте көрсөтүлбөйт\" дейт Казыбаев.Ал кошумчалагандай, эркектин экинчи аялына материалдык жактан жардам берип жүргөнүн далилдөө керек болот. Эркектер болсо мен ага эч кандай материалдык жардам берген эмесмин деп чыгат. Эки аялдуулукту далилдөө дээрлик мүмкүн эмес.Ал эми айрым дин таануучу адистер талкуу учурунда ислам көп аял алууга чакырбастыгын белгилешти. \"Мухаммед пайгамбар өтө көп аял алгандарга төрткө чейин аялдарыңарды калтырып, калганы менен ажырашкыла деп айткан. Ал өлөрдөн үч жыл мурда айткан сүрөөсүндө силер канчалык кааласаңар деле аялдарыңарга калыстык кыла албайсыңар. Ошондуктан бир эле аял менен жашоо жакшы деп айткан. Анткени эки аял алган жаран калыстыкты өтө бекем кармоосу керек\" дин таануучу Маметбек Мырзабаев.

Нету похожих статьей