Кабарлар 6 лет назад

Алайда республикалык бюджеттин эсебинен эки балдар бакчасы курулууда

Алай районунда республикалык бюджеттин эсебинен эки балдар бакчасы курулууда. Бул туууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчанын бирөөсү Гүлчө айылында курулууда. Имараттын курулушу 2014-жылы башталган, жалпы сметалык баасы 38,8 млн сомду түзөт. Аталган балдар бакчасын курууга курулуш башталгандар тарта республикалык бюджеттен жалпысы 11 млн сом бөлүнгөн. Анын 3 млн сому быйыл бөлүндү. Ал эми экинчи балдар бакчасы Жошолу айылында жаңыдан курула баштады. Имараттын болжолдуу сметалык баасы 15 млн сомду түзөт.

Нету похожих статьей