Кабарлар 6 лет назад

Ошто үч адамдын өлүмүнө айыпталып жаткан МАИ кызматкери боюнча соттук коллегияга жабырлануучулар ишенбөөчүлүк көрсөттү

Ошто үч адамдын өлүмүнө айыпталып жаткан МАИ кызматкери боюнча соттук коллегияга жабырлануучулар ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу МАИ кызматкери Н.Төлөновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева \"Кабарлар\" МАнин аймактык кабарчысына билдирди.Эске сала кетсек, 2014-жылдын 30-январында ОшЭркеч-Там жолунун 3-чакырымында автоунаа кырсыкка учурап, үч жаран каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, аталган унаа МАИ кызматкеринен качып бара жатып, аварияга учураган. МАИ кызматкерине аварияга учураган унаадагы жарандарга өз убагында жардам көрсөтпөй кетип калган деген күнөө коюлууда. Кара-Суу райондук соту МАИ кызматкери Н.Төлөновду 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Жабырлануучулар аппелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган. Учурда МАИ кызматкери Н.Төлөгөновдун үстүнөн соттук кароо уланып жатат. Жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева жабырлануучу тарап ишти карап жаткан соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөткөндугун маалымдады.Жабырлануучулардын айтымында, алар каза болгондорду эксгумация кылууга каршылык көрсөтүшкөн жана ишти карап жаткан судьяларды алмаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Нету похожих статьей