Кабарлар 6 лет назад

Түркияда өтүүчү дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандан Акылбек уулу Өмүрбек катышат

Түркияда өтүүчү дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан Баткен облусунун Карабак айылынын “Нур” медресесинин студенти Акылбек уулу Өмүрбек ат салышмакчы. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы Авлиёев Фуркат маалымдады. Бүгүн Баткен шаарындагы борбордук “Нуьмани” мечитинин баш имам хатиби Юсунов Абдурашид жана мечит жамааты Өмүрбек карыга ак батасын берип, дүйнөлүк Куран жарышына узатышты. “Акылбек уулу Өмүрбек 30 пара Куранды жатка окуу боюнча Кыргызстандын намысын коргойт. Аталган сынакка катышып келүү үчүн сарпталган баардык акча каражатын Туркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги бөлүп берүүдө”,-деди “Нур” медресесинин мүдүрү Гапаров Абдурахман кары. Эскерте кетсек, “Нур” медресесинин окуучусу Акылбек уулу Өмүрбек кары буга чейин облустук, Республикалык Куран жарыштарында алдынкы орундарды ээлеп келген.

Нету похожих статьей