Кабарлар 6 лет назад

Оштогу жайлоолордо 13 бала бакча уюштурулуп, 200дөй бала ар тараптуу тарбияланууда (сүрөтбаян)

Ош облусуна караштуу райондордогу жайлоолордо бул жылы 13 бала бакча уюштурулуп, 200дөй бала тарбияланып жатат. Бул саамалык эл аралык уюмдар тарабынан демилгеленип, жайыт комитеттери, билим берүү мекемелери тарабынан ишке ашырылды. Жайлоо шартындагы бала бакчалар боз үйлөрдө уюштурулган. Июнь, июль, август айларында күн сайын 3 саат убакыт бою балдарга аң-сезимин өстүрүүчү оюндар ойнотулуп, китептер окулат. Аталган бала бакчаларга атайын тарбиячы бекитилип, жергиликтүү жайыт комитети тарабынан айлык акы төлөнөт. Мындан сырткары, белгилүү жазуучулар, педагогдор бул бала бакчаларга барып масстер класстарды өтүшөт.

Нету похожих статьей