Кабарлар 6 лет назад

Ошто аш фестивалы өттү (сүрөтбаян)

Ош шаарында \"Аш фестивалы\" уюштурулду. Иш чара эл аралык \"Жалпы кызыкчылыктарды издөө\" уюму тарабынан демилгеленип, максаты бир катар улуттун өкүлдөрүнүн ынтымагын биримдигин бекемдөө болуп саналат. Фестивалга Ош облусттук казыяттын өкүлдөрү, жаштар, аймактык кеңештердин өкүлдөрү катышып, 5 команда аш даярдоо боюнча мелдешишсе, дагы 5 команда арасында ар түрдүү сынактар уюштурулуп, аларга логикалык, тарыхый, дин жаатындагы суроолор берилип, көп бал топтоо менен биринчиликке ат салышышты. Уюштуруучулардын айтымында, азыркы учурда дин өкүлдөрү, күч кызматкерлери баары өз алдынча иш алып барышат. Фестиваль алардын баарын бириктирип, ынтымакка, биримдикке чакыруу болуп саналат. Аш даярдаган командалардын баарына бир жарым сааттан убакыт берилип, алар даярдаган тамактары калыстар тарабынан бааланды. Жыйынтыгында мыкты даярдаган командаларга белектерди тапшырышты.

Нету похожих статьей