Кабарлар 6 лет назад

Алайда сел жүрдү, учурда 20 турак жайды суу каптоо коркунучу бар

Кечээ, 2015-жылдын 2-июлунда Алай районундагыКорул айыл аймагындагы Биринчи Май айылындакатуу жааган жаандын кесепетинен сел кетип, узундугу 40 метр туурасы 20 метр болгон сел тосмону жана сугат каналын сел калдыктарына толтуруп койгон. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,тез арада сел тосмо жана сел канал тазалабаса, 20 турак жайды короо сарайлары менен суу каптап кетүү коркунучу бар.

Нету похожих статьей