Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суу райадминистрацияcында эки айыл өкмөттүн өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыкты (Сүрөт)

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Жоош айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары райадминистрацияга суу маселесин чечүү үчүн чогулуп, бирок, эки тараптын ортосунда кайрадан чыр чыкты.Эске сала кетсек, бүгүн 2-июль күнү Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө жергиликтүү жашоочулар райадминистрация өкүлдөрүнө жергиликтүү бийликке нааразычылык билдирип митингге чыгышты.\"Кабарлар\" МАнын кабарчысы билдиргендей, эки тараптын маселесин чечүү үчүн райондун акими Тилек Матраимов жергиликтүү жашоочуларды кабыл алып, алардын көйгөйлүү маселесин укту. Маалыматка ылайык, Отуз Адыр айыл өкмөтү суу чыгаруу үчүн казып башталган жер тилкеси Мады айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкеси болуп саналат. Ал эми казылып жаткан жердеги сууну Отуз Адыр аймагы пайдаланса анда Жоош айыл өкмөтүнүн эли суусуз калуу коркунучу бар экендиги жыйында айтылды. Аты аталган үч айыл өкмөттүн эли райадминистрациядан бир пикирге келе алышпай, жыйындын аягы кайым айтышуу чырдашуу менен аяктады.

Нету похожих статьей