Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суудагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө нааразычылык митинги өтүп жатат (СҮРӨТ)

Кара-Суудагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө нааразычылык митинги өтүп жатат. \"Кабарлар\" МА аймактык кабарчысы билдиргендей,бүгүн, 2-июлдаКара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү жети айылдын тургундарынааразычылык митингине чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөттөгүжети айылдын эли 15 жылдан бери ичүүчү таза сууга муктаж. Жашоочулардын айтымында? алар арыктагы сууну тундуруп ичип келишет. Таза суу чыгаруу боюнча жергиликтүү бийликке, борбордук бийликке бир канча ирээт кайрылышкан. Бирок, жооп болбогон соң, жергиликтүү демөөрчүнүн каржылык жардамы менен таза суу чыгаруу үчүн скважинакуруп башташкан. Иш башталган учурда коңшулаш Жоош айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана райондук администрация тарабынан бут тосуулар болуп, милиция кызматкерлери тарабынан жумушчулар ишин токтонууга аргасыз болушкан. Жоош айыл өкмөтүнүн жетекчилиги эгерде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө скважина курулса, анда Жоош айыл өкмөтүндө чыгып жаткан таза суунун көлөмү азайып кетет деген жүйөө менен Отуз-Адыр айыл өкөтүн сотко берген. Учурда сот иши жүрүп жатат. Бирок, райондук администрация тарабынан дагы кандайдыр бир кызыкчылыктардын негизинде таза суу чыгарууга тоскоолдук болуп жатат,-дейт айыл өкмөт жашоочулары.

Нету похожих статьей