Кабарлар 6 лет назад

Ноокенде селден сактануу эрежелери боюнча жергиликтүү тургундарга машыгуу өткөрүлдү (СҮРӨТ)

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда селдин жүрүшүнөн кантип сактануу керек, деген аталыштажергиликтүү тургундар менен машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ӨКМнин пресс-кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,машыгууга тез жардам автоунаасы, даарыгерлер тообу, райондук өрткө каршы кызматынан 3 куткаруучулары жана Шалка айылынан 43, Кызыл-Туу айылынан 37 жергиликтүү тургундар катышкан. Машыгуунун жүрүшүндө айылды сел каптаган учурда жергиликтүү тургундарды убактылуу коопсуз жайларга көчүрүү, аларга кантип кабар берүү, жарат алган жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары практика жʏзʏндө үйрөттүлдү. Иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаал болгон аймакта жашаган калкты коопсуз аймакка көчүрүүп, аларга ар тараптан камсыз кылуу жана адам өлʏмʏнө жол бербөө болгон.

Нету похожих статьей