Кабарлар 6 лет назад

Таласта фасоль талааларын сел каптады

Талас облусунда фасоль талааларын сел каптады. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.«2015-жылдын 29-июнунда саат 17:00 чамасында Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында Хан-Бүргө жана Сасык-Булак айылдарында жааган жамгырдын кесепетинен Хан-Бүргө айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Мүрзөлүү сайынан сел түшүп, 6 га фасоль айдоо жерлерин жана 1 мал сарайды (кашар) суу каптаган», - деп айтылат билдирүүдө.Көк-1 суугат арыгынын 600 метр аралыгын жана Көк-2 суугат арыгынын 350 метр аралыгын кум-шагылга толтурган. Турак жайларга коркунуч туудурган жок. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Сасык-Булак айылынын түндүк тарабында жайгашкан “Жошо” сайынан түшкөн селайдоо жерлерин (1га фасоль, 1 га картошка, 60 сотых арпа) жана 1 мал сарайды (кашар) каптаган.

Нету похожих статьей