Кабарлар 6 лет назад

Баткенде сел жүрүп ички чарбалык жолдорду бузуп кетти (СҮРӨТ)

Кечээ,Баткенде сел болуп, ички чарбалык жолдорду бузуп кетти. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,Баткен районундагы Дара айыл аймагында 2015-жылдын30-июнунда саат 20:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен Баткен-Кайыңды автоунаа жолунун Тунук-Суу айылы аркылуу өткөн жериндеги сел агып өтүүчү сайы аркылуу өткөн жерин сел бузуп кеткен. Сары-Талаа айылы менен Жаңырык айылдарынын ортосундагы ички чарбалык жолдорду жана Жаңырык айылынан Кайыңды айылына чейинки жолдорду сел жараксыз кылып, азыркы учурда автоунаалар үчүн жол каттамы жок. Селден адамдарга, турак үйлөргө жана мал жандыктарга зыян келген эмес.

Нету похожих статьей