Кабарлар 6 лет назад

Ошто Нью Йорктон келген эксперттер калаа көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштайт

Ош шаарында 3-4-июль күндөрү өткөрүлүүчү \"Урбан Форумда\" Нью Йорк шаарынан келген эксперттер калаа көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштайт. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары \"Кабарлар\" МАнин аймактыккабарчысына билдирди.Уюштуруучулардын бири Талант Кайымов билдиргендей, иш чарада негизинен 6 чоң маселе каралат.\"1-маселе бул унаа тыгындары, жол маселеси. 2-жерлерди пайдалануу, шаар тургундарынын демилгелерин пайдалануу, тарыхый жайлардын абалы, туристтерге түзүлгөн шарттар, экологиялык маселелер жана калаа тургундарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча маселелер талкууга алынат\" дейт Кайымов. Иш чарага Орусиядан, АКШдан жана КМШдан эксперттер чакырылган. \"Негизги максат шаар көйгөйлөрүн биргеликте талкуулап, аны чечүүнүн жолдору боюнча тиешелүү тараптарга сунуш жолдоо\" дейт уюштуруучулар.

Нету похожих статьей